К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын гастролдук ишмердүүлүгү өлкөбүздүн музыкалык искусствосун эл аралык деңгээлде жайылтууда өзгөчө мааниге ээ. Студенттер менен окутуучулардын гастролдорго катышуусу маданий алмашууга, өлкөлөр ортосунда чыгармачыл байланыштарды чыңдоого, кыргыз музыка мектебин даңазалоого жана Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.