Фортепиано факультетине тапшыруучулар үчүн адистик боюнча экзамен төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: программа аткаруу, коллоквиум, сольфеджио (жазуу, оозеки), гармония (жазуу жана оозеки).
ПРОГРАММАНЫ АТКАРУУ
Тапшыруучу төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1). Орус, чет элдик же КМШ композиторунун оригиналындагы бир полифониялык чыгарма.
2). Сонатанын I же II-III бөлүктөрүн же концерт.
3). Эркин формадагы бир чыгарма, мисалы: Ф.Шопендин балладасы, Ф.Листтин рапсодиясы ж.б.
4). Эки виртуоздук чыгарма (манжа жана ири техникалык көндүмдөргө).
Чыгарманын татаалдыгы музыкалык окуу жайынын же атайын музыкалык орто мектептин бүтүрүүчү программасына туура келиши керек.
КОЛЛОКВИУМ
Коллоквиум тапшыруучунун маданий деңгээлин, эстетикалык көз карашын, музыкалык искусство тармагындагы эрудициясын, музыка тарыхынын негизги этаптары жана мыйзамченемдери боюнча билимин, өз адистиги боюнча адабиятты, музыкалык терминологияны, нотаны окуп ойноо жөндөмүн, аткарылган чыгармалардын мазмуну, формасы жана стилдик өзгөчөлүктөрүн түшүнүүнү аныктайт.
Музыкалык-теориялык дисциплиналар боюнча кабыл алуу талаптары
Сольфеджио:
Оозеки
-
1ден 5 ачкычка чейинки тоналдуулуктарда гаммаларды ырдоо: мажордун эки түрү жана минордун үч түрү, мажордун жана минордун хроматикалык гаммасы (жогору жана ылдый), ар кандай түрдөгү үч үндүү жана септаккорддорду, алардын айланууларын жана чечилиштерин, ошондой эле 6 аккордго чейин гармониялык айлампаларды ырдоо;
-
Мажор же минордо бир үндуу мелодияны (хроматикалык/альтерирленген баскычтары, мүмкүн болгон өткөөлдөрү жана бир тууган тоналдуулукка модуляция, жөнөкөй жана татаал өлчөмдөрдө, ритмдик татаалдыктары менен) нотадан окуп ырдоо; эки үндүү гармониялык же полифониялык мисалдарды (бир үнүн ойноо, экинчисин ырдоо), хроматизмдер, өткөөлдөр менен;
-
Татаалдыгы: А. Островский, С. Соловьев, В. Шокин «Одноголосное сольфеджио», №№ 88, 156; Б. Калмыков, Г. Фридкин «Сольфеджио». Двухголосие, ч. II, №№ 211, 223.
Гармония:
Оозеки
-
Фортепианодо тапшырмаларды аткаруу: бир тууган тоналдуулукка модуляцияны ойноо (период формасында; модуляция үчүн баштапкы гармониялык айланма берилет), тоналдык жана модуляциялык секвенцияларды ойноо (ар биринде 2-4 аккорд);
-
Түрдүү стилдеги чыгармаларды нотадан окуп гармониялык анализ жасоо. Гармониялык тилдин деңгээли төмөнкүлөрдөн ашпашы керек: Л.Бетховен – сонаталар; П.И.Чайковский – «Жыл мезгилдери»; М.И.Глинка, П.И.Чайковский, С.В.Рахманинов;
-
Жогорудагы тапшырмалар боюнча гармония курсу боюнча суроолорго жооп берүү.
СПЕЦИАЛДЫК ФОРТЕПИАНО КАФЕДРАСЫ
-
Конушева Гульшан Ниязбековна – кафедра башчысы, эл аралык конкурстардын лауреаты, доценттин милдетин аткаруучу
-
Цокуренко Полина Абрамовна – КРнын эл артисти, профессор
-
Нарынбаева Зайтуна Азизовна – КРнын эмгек сиңирген артисти, профессор
-
Толмачева Инна Ивановна – доценттин милдетин аткаруучу
-
Абдулина Анара Азаматовна – окутуучу
-
Аракеев Талгат Жанатбекович – окутуучу
Консерваториянын атайын фортепиано кафедрасынын түптөлүшүндө А. Рябов, Е.Левитан, В.Петаш, Л.Тамулевич, М.Бурштин, Ф.Хармац, Г.Токомбаева, Л.Кийизбаева сыяктуу пианисттердин ысымдары турат. Кафедранын биринчи жетекчиси КРнын эл артисти, профессор П.А.Цокуренко болгон, андан кийин КРнын эмгек сиңирген артисти, профессор З.А.Нарынбаева жетектеген, учурда кафедра башчысы КРнын эмгек сиңирген артисти Г.Н.Конушева.
Кафедра Франция, Россия, Израиль, Армения, Казакстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык конкурстардын көптөгөн лауреаттарын тарбиялап чыгарган. Алардын арасында КРнын эмгек сиңирген артисти Э.Атагельдиев, КРнын эмгек сиңирген артисти А.Текенова, КРнын эмгек сиңирген артисти Г.Конушева, Г.Жоробекова, К.Мейманбаев, КРнын билим берүүнүн отличниги А.Абдулина, КРнын маданияттын отличниги С.Аманбаев, М.Осмонов, К.Чотоева жана башкалар бар.
Кафедра активдүү концерттик жана конкурс ишмердүүлүгүн жүргүзөт, өлкөдөгү бардык музыкалык окуу жайлардын өнүгүшүнө катышат, окуу процессин көзөмөлдөп, мектептер менен окуу жайларда экзамендерге барып, окутуучуларды, студенттерди колдоп, насаатчылык кылат.
Кафедранын максаты – окутуунун методикалык деңгээлин дайыма жакшыртуу жана жогорулатуу. Консерваторияда чет элдик белгилүү пианисттердин мастер-класстары дайыма өтөт: В.Носина, Д.Башкиров, В.Маргулис, Ю.Слесарев, Е.Мечетина, Е.Михайлов, О.Керн, В.Овчинников, А.Севидов, А.Писарев, А.Набиулин, С.Султанов, М.Швейзер, К.Шумахер, Т.Ержанов жана башкалар.
Кафедра тарабынан көрүнүктүү композиторлордун жана пианисттердин юбилейлерине арналган концерттер, лекция-концерттер, ошондой эле студенттер, окутуучулар жана музыкалык мектептердин окуучулары катышкан концерттер өткөрүлөт. Бишкектеги бардык музыкалык окуу жайлардын окуучулары катышкан жыл сайын өтүүчү фортепиано концерти – «Пианисттер парады» салтка айланган. Концерттин максаты – жаш пианисттерге профориентация берүү. Шопенди эң жакшы аткарууга, фортепиано концерттерин эң жакшы аткарууга, Скрябиндин чыгармаларын эң жакшы аткарууга арналган конкурстар өткөрүлөт.
Кафедрада «Кыргыз фортепиано сонатасы тууралуу», «Музыкалык чыгармалардагы гармония», «Брамстын музыкасын аткаруудагы кыйынчылыктар», «Мугалим жана окуучу» жана башка методикалык иштеп чыгуу материалдары бар. Бүгүнкү күндө кафедранын курамында КРнын эл артисти, профессор П.А.Цокуренко, КРнын эмгек сиңирген артисти, профессор З.А.Нарынбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти, доценттин милдетин аткаруучу Г.Н.Конушева, доценттин милдетин аткаруучу И.И.Толмачева, эл аралык конкурстардын лауреаты, окутуучу Т.Ж.Аракеев, фортепиано-теориялык факультеттин деканы, КРнын билим берүүнүн отличниги, окутуучу А.А.Абдулина бар.
МУЗЫКАТАНУУ ЖАНА КОМПОЗИЦИЯ КАФЕДРАСЫ
-
Мусаев Баласагын – ага окутуучу, кафедра башчысы
-
Абетекова Алтынай – окутуучу
-
Алишерова Ангелина – ага окутуучу
-
Виноградова Галина – ага окутуучу
-
Дооранов Талайбек – ага окутуучу
-
Дюшалиев Камчыбек – профессор
-
Жещинский Александр – доцент
-
Жолдошбек кызы Гульмира – ага окутуучу
-
Куйкеева Зина – ага окутуучу
Кафедранын негизделишинен тартып өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин кыргыз профессионалдык музыка искусствосунун негиздөөчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРнын эл артисти, профессор М.Абдраев жетекчилик кылган. Ар кандай жылдары кафедраны О.Островская, В.Браиловский, Т.Эрматов, В.Роман, А.Пантелирейз, В.Гусев, Е.Лузанова, К.Дюшалиев, К.Кайкиев жетектешкен. Кафедранын башында А.Слезко, А.Двилянский, Т.Склютовская, К.Молдобасанов, А.Жаныбеков сыяктуу көрүнүктүү окутуучулар турган. Кафедранын чыгармачылык идеяларын уланткан устаттар – В.Васильев, Н.Кумскова, Г.Байсабаева, И.Дрейт, А.Мурзабаев, Б.Алишеров, Е.Чехова, Л.Муждабаева ж.б.
27 жыл ичинде кафедранын курамы жаңы кадрлар менен толукталды, жаш окутуучулар улуу устаттардын насааты менен кесиптик чеберчиликти өздөштүрүүдө. Азыр кафедрада искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Дюшалиев, искусство таануу кандидаты, доцент А.Жещинский, ага окутуучу З.Куйкеева, ага окутуучу Т.Дооранов, ага окутуучу Н.Карымшакова, ага окутуучу Жолдошбек кызы Гульмира, ага окутуучу А.Алишерова, ага окутуучу А.Абетекова, окутуучу Г.Виноградова, кафедра башчысы – жаш композитор, П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын бүтүрүүчүсү Б.Мусаев эмгектенишет.
Окутуучулар лекция жана индивидуалдык сабактарды заманбап музыкалык илимдин жана методиканын сунуштарына ылайык жүргүзүшөт. Багыттар: педагогикалык, илимий-изилдөө, лектордук, музыкалык-пропагандалык, сынчылык жана редактордук. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү маданияттын бардык тармактарында, музыкалык мекемелерде, окуу жайларда, концерттик уюмдарда, радиодо, телевидениеде, музыкалык редакцияларда, музейлерде жана архивдерде, филармонияларда, театрларда ийгиликтүү иштешет. Студенттер атайын даярдыктан өтүшөт. Индивидуалдык сабактар аларга өз алдынча иштөөгө, музыкалык билим берүүнүн актуалдуу маселелерин, өткөн жана азыркы музыкалык маданиятты өздөштүрүүгө зарыл болгон кесиптик билимин жана жөндөмдөрүн берет.
Студенттер сабактарды чыгармачылык ишмердүүлүк менен айкалыштырышат. Студенттик концерттер, ар кандай жанрдагы чыгармаларга конкурстар салтка айланган. Студент-музыкатануучулар концерттерди, конкурстарды, фестивалдарды жана башка иш-чараларды эң сонун алып барышат. Кафедранын студенттери жана окутуучулары ар кандай долбоорлорго, республикалык жана эл аралык конференцияларга катышышат.
Консерваториянын китепканасы окутуучулардын түзгөн окуу-методикалык колдонмолору менен дайыма толукталып турат. Окуу колдонмолорун кыргыз жана орус тилдеринде параллелдүү которуу менен түзүүгө кафедранын студенттери да чоң кызыгуу менен катышышат. Учурда кафедра музыковедение жана композиция жаатында улуу устаттар салган негиздерди, салттарды улантып, алардын деми менен улуттук музыкалык илимди өнүктүрүүдө.