ЖОГОРКУ ОКУУ ОРДУНА ЧЕЙИНКИ ОКУТУУ
Даярдоо бөлүмүнө тапшыруучу абитуриент төмөнкү талаптарды камтыган адистик боюнча экзаменди тапшырат:
- 
	
Каалаган жанрдагы текст менен эки вокалдык чыгарманы аткаруу;
 - 
	
Поэма, тамсил же көркөм прозадан үзүндүнү жатка окуу;
 - 
	
Сүйлөшүү (вокалдык адабият боюнча билим деңгээлин текшерүү);
 - 
	
Табигый музыкалык жөндөмдөрдү текшерүү.
 
Абитуриент төмөнкүлөрдү жасай билиши керек:
а) Үнү менен биринчи жана кичине октавадагы айрым үндөрдү кайталап берүү;
б) Фортепианодо берилген аккорддун ар бир үнүн кезеги менен ырдап берүү;
в) Фортепианодо ойнолгон обондун фрагментин үнү менен кайра ырдап берүү;
г) Кол чаап, берилген ритмди же фортепианодо ойнолгон фразанын ритмин кайталоо.
КОНСЕРВАТОРИЯГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:
- 
	
Ректордун атына жазылган абитуриенттин арызы
 - 
	
Орто же орто-атайын билим тууралуу документтер
 - 
	
086 формасы боюнча медициналык справка
 - 
	
3x4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
 - 
	
Аскердик милдеттүүлөр үчүн – аскерге каттоо күбөлүгү же аскердик билет, паспорт жеке көрсөтүлөт
 - 
	
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (же эмгек стажы бар экенин тастыктоочу)
 - 
	
Скоросшиватель, конверт
 
ДОВУЗОВДУК ДАЯРДОО КАФЕДРАСЫ
- К.А. Осмонов – кафедра башчысы, КРнын билим берүү жана маданияттын мыктысы, СССР композиторлор союзунун мүчөсү, М.Абдраев атындагы сыйлыктын лауреаты
 - Р.Т. Сарлыков – КРнын эл артисти, доцент
 - К.Ж. Дуйшенбиев – окутуучу
 - Т.А. Каримов – ага окутуучу
 - Т.К. Токторбаев – ага окутуучу
 - А.Б. Токтогазиев – окутуучу
 - Э.К. Шергалиева – доцент
 
Кафедра 2009-жылдын сентябрында негизделген жана ушул убактан бери иштеп келет. Кафедранын негизги максаты – абитуриенттерди Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырууга даярдоо.