АДИСТИК: КЫРГЫЗ САЛТТУУ МУЗЫКАСЫ ЖАНА ЭЛ АСПАПТАРЫ

"Кыргыз салттуу музыкасы жана эл аспаптары" кафедрасына (комуз, кыяк, чопо-чоор, сыбызгы, баян, аккордеон, гитара) тапшыруучулар үчүн адистик боюнча экзамен төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: программа аткаруу, коллоквиум, сольфеджио (жазуу жана оозеки), гармония (жазуу жана оозеки).

Программанын татаалдыгы музыкалык окуу жайынын же атайын музыкалык орто мектептин бүтүрүүчү программасына туура келиши керек.

КОЛЛОКВИУМ

Коллоквиум тапшыруучунун маданий деңгээлин, эстетикалык көз карашын, музыкалык искусство тармагындагы эрудициясын, музыка тарыхынын негизги этаптары жана мыйзамченемдери боюнча билимин, өз адистиги боюнча адабиятты, музыкалык терминологияны, нотаны окуп ойноо жөндөмүн, аткарылган чыгармалардын мазмуну, формасы жана стилдик өзгөчөлүктөрүн түшүнүүнү аныктайт.

Музыкалык-теориялык дисциплиналар боюнча кабыл алуу талаптары

Сольфеджио (оозеки):

  • 1ден 5 ачкычка чейинки тоналдуулуктагы гаммалар: мажордун эки түрү жана минордун үч түрү, бардык түрдөгү үч үндүү аккорддорду (айлануулар жана чечилиштер), ошондой эле 6 аккордго чейинки гармониялык айлампаларды ырдоо;

  • Бир үндүү мелодияны нотадан окуп ырдоо (мажор же минор, хроматикалык/альтерирленген баскычтар, мүмкүн болгон өткөөлдөр жана бир тууган тоналдуулукка модуляция, жөнөкөй өлчөмдөрдө, ритмикалык татаалдыктар менен).

Гармония (оозеки):

  • Фортепианодо тапшырмаларды аткаруу: тууган тоналдуулукка модуляцияны ойноо (период формасында; модуляция үчүн баштапкы гармониялык айланма берилет);

  • Тоналдык жана модуляциялык секвенцияларды ойноо (ар биринде 2–4 аккорд);

  • Ар кандай стилдеги чыгармалардан нотадан окуп гармониялык анализ жасоо. Гармониялык тилдин татаалдыгы төмөнкүлөрдөн ашпашы керек: Л. Бетховен — сонаталар; П.И. Чайковский — «Жыл мезгилдери»; М.И. Глинка, П.И. Чайковский, С.В. Рахманинов;

  • Жогорудагы тапшырмаларга байланыштуу гармония курсу боюнча суроолорго жооп берүү.



КЫРГЫЗ САЛТТУУ МУЗЫКАСЫ ЖАНА ЭЛ АСПАПТАРЫ КАФЕДРАСЫ

"Кыргыз салттуу музыкасы жана эл аспаптары" кафедрасы К. Молдобасанов атындагы КМКда 1993-жылы консерватория ачылганда негизделген. Кафедранын курамында комуз, кыл кыяк, чоор, чопо чоор, сыбызгы, жетиген, прима кыяк, домра, бас кыяк, классикалык гитара, баян, аккордеон класстары бар.

Башынан бери кафедрада Кыргыз Республикасынын мыкты музыканттары жана педагогдору эмгектенишкен: КРнын эл артисти, профессор Т. Мураталиев; СССРдин эл артисти, профессор С. Тохтакунова; КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Д.М. Назарматов; КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор К.Ш. Джекшенов; КРнын эмгек сиңирген артисти, профессор Ш. Токтоналиев; доцент Ж. Султанмамытов; доцент Фебенчук Ю.И.; КРнын эл артисти Б.С. Тилегенов; КРнын эл артисти Н. Нышанов; Б. Чытырбаев; Р. Жумабаев; Н. Орозалиева ж.б.

Кафедра жогорку категориядагы адистерди — аткаруучуларды жана мугалимдерди — даярдайт, алар оркестрлерде, ансамблдерде ийгиликтүү иштешет жана Кыргыз Республикасынын музыкалык билим берүү мекемелеринде эмгектенишет.

Кафедра иштеп келген жылдарда эл аралык жана республикалык конкурстарда, фестивалдарда катышкан аткаруучуларды тарбиялап чыгарган.

Бүтүрүүчүлөрү жана студенттери мамлекеттик иш-чараларга дайыма катышышат.

Кафедранын окуу-методикалык негизин эң мыкты ата мекендик жана чет элдик аткаруучулук жана педагогикалык искусствонун жетишкендиктери камтылган окуу программалары жана колдонмолору түзөт.

Кафедранын окутуучулары эл аралык жана республикалык конкурстарда калыстар тобунун мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик экзамендик комиссиялардын төрагасы катары да чакырылат.

Бардык окутуучулар кесипкөйлүк менен сабак беришет, педагогикалык чеберчилигин дайыма жогорулатышат, конференцияларга, семинарларга, мастер-класстарга активдүү катышышат. Кафедранын жамааты топтолгон тажрыйбага таянып, консерваториянын нормалары жана салттары боюнча илимий, окутуучулук жана тарбиялык иштерди жүргүзөт.