КУТТУКТАЙБЫЗ!

Адыл кызы Бернаимди
Москва шаарында өткөн «Musica Classica» аттуу эл аралык конкурска ийгиликтүү катышып,
ардактуу IV даражадагы сыйлыкка ээ болгону менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

«Musica Classica» фестиваль-сынак белгилүү Гнесин атындагы Россия Музыка Академиясынын патрондугунда өткөрүлдү.
Бул юбилейлик — XXX Эл аралык фестиваль-сынак Россиянын тарыхый жана кооз шаарларынын бири — Рузадагы Композиторлордун чыгармачылык үйүндө өттү.

Калыстар тобунун төрайымы — Вера Носина,
Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесин атындагы РАМ жана Шнитке атындагы МГИМдин профессору.

Ошондой эле, калыстар курамында төмөнкү белгилүү адистер бар эле:
Рустам Шайхутдинов, Александр Моздыков, Ольга Данилова.