Орто Азиядагы Орус романсы майрамы

2020-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарындагы Россиялык илим жана маданият борборунда (РЦНК) орус романсы аткаруучуларынын IV Ачык эл аралык «Ортоазиялык Романсиада» сынагы болуп өттү. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын 60ка жакын аткаруучулары катышты.

Сынак Кыргыз Республикасындагы Россотрудничествонун өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Биринчи сыйлыктын ээси Исламбек Кемелов Кыргызстанды 2020-жылдын декабрь айында Москвада өтүүчү “Романсиаданын” финалында көрсөтөт.