Ильгиз Усенов “Ортоазиялык Романсиада” эл аралык сынагында гран-при утуп алды
18-ноябрда Бишкек шаарында өткөн IV ачык Эл аралык орус романсы аткаруучуларынын «Ортоазиялык Романсиада» сынагында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Ильгиз Усенов гран-при сыйлыгына ээ болду.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын жазында ал Москвадагы Кремль сарайында өтө турган Эл аралык орус романсы күнүндө сахнага чыгат.
Бул конкурска Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан келген 60ка жакын аткаруучу катышты.
Жаңы комментарий кошуу