16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров
2021–2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мыкты академиялык жетишкендиктерге ээ болуп, жигердүү коомдук ишмердүүлүгү менен айырмаланган
70 студентке президенттик стипендия тапшырды.
— Бул жогорку стипендияга ээ болгондордун катарында
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын 3-курс студенткасы —
Кенигсберг Оксана Евгеньевна да бар.
К. Молдобасанов атындагы КНКнын ректору жана жалпы жамаатынын атынан
Сизди куттуктайбыз жана ийгиликтердин, жаңы жетишкендиктердин коштоосунда болууну каалайбыз!
Жаңы комментарий кошуу