2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн алдыңкы студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи 27-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мыкты студенттерине стипендияларды жеке өзү тапшырды. Биз да консерваториябыздын таланттуу студенттерин — Кудайбергенова Айшаны (фортепиано), Мухтардинова Айгеримди (комуз), Русланов Рустамды (эстрадалык вокал) жана Межовикова Светлананы (композитор) — президенттик стипендияга ээ болуусу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Президенттик стипендия жыл сайын билим берүү жана коомдук турмуштагы жетишкендиктери үчүн өлкөнүн мыкты студенттерине ыйгарылат.

Республика боюнча тандалган мыкты студенттерге Ардак грамотасы жана бир окуу жылына (10 ай) эсептелген 50 миң сом өлчөмүндө стипендия тапшырылат.